Мыйзамсыз миграция жүргүзгөн компаниянын иши сотко өттү

ИИМ 27-июндан 4-июлга чейин өлкө аймагында экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы "Нелегал-Трафик" иш-чарасын жүргүздү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдирди.

Натыйжада мыйзамсыз миграция боюнча 369 эреже бузуу фактысы, мыйзамсыз миграция уюштурулган 45 факт катталды.

Ичаранын алкагында Кыргызстандыктарды чет өлкөлөргө жөнөтүү боюнча туруктуу мыйзамсыз каналга байланыштуу кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөн.

Мекеменин маалыматына караганда, "Грин Лайт Компани" компаниясын жетектеген 35 жаштагы кыргызстандык келин эч кандай уруксат кагазы жок туруп 40 адамдан, анын ичинде балдардан турган топту мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз алып өтүп, Европага жана АКШга жөнөтүү максатында Украина аркылуу Молдовага алып барган.

Ошол жактагы тааныштары менен бирге ал кыргызстандыктарды Молдовада беш ай бою кармап турган.

Молдованын күч органдары кыргыз жарандарына иш козгоп, кийин Кыргызстанга депортация кылышкан. Кыргызстанда жалпысынан 31 иш козголуп, материалдык чыгым 20 миллион сом деп эсептелүүдө.

Автор: Медина Бектурова


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД