Балдарга болгон зомбулукка каршы митинг өттү

Бүгүн, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун алдында балдарга жана аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы митинг өттү. Митингге чыккандар "Балдарыбыз үчүн коркуп жатабыз", "Зомбулукту токтоткула!", "Балдарыбызды педофилиядан сактагыла!" деген жазууларды кармап чыгышты. 300гө жакын адамдын акцияга чыгышына 13 жаштагы кыз эки милиция кызматкерлери менен дагы бир адам тарабынан зордукталган деген окуя себеп болгон.

Митингчилер 13 жаштагы кызды зордуктап, зөөкүрлүккө баргандар мыйзам чегинде жазасын алышы керектигин талап кылуу менен бирге Кыргызстанда балдарды коргоонун системасы жакшы иштебей жатканын айтышты. Мындан сырткары чогулгандар Ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставка кетүүсүн жана аялдардын укугун коргоо талабын коюшту.

Автор: Медина Бектурова


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД