Эколог Ысык-Көлдү сактап калуунун жолун көрсөттү

Ысык-Көлдө экологиялык катастрофаны болтурбоонун жолу бар. Мындай пикирин курчап турган чөйрө жана климаттын өзгөрүүсү жаатындагы адис Владимир Гребнев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Ал белгилегендей, Ысык-Көлдү коргоо боюнча азыркы тапта көрүлүп жаткан чаралар экологияны жакшырта албайт.

"Ысык-Көлдү коргоо боюнча кандайдыр бир чаралар көрүлсө да алар экологияга өзгөчө таасирин тийгизбейт. Андай аракеттер өзгөчө акцияларды өткөрүүдө, маанилүү иш-чараларда жана айрым окуялар учурунда гана пайда болот. Мындайда бирдиктүү программанын алкагында жана узак убакытка чейин жүргүзүлүүчү системалуу иш-аракет зарыл", - деген ал.

Эксперт көлдүн абалын биргелешкен аракеттердин негизинде гана жакшыртууга болорун кошумчалады.

"Мамлекеттин колдоосу, жергиликтүү элдин аракети болмоюнча Ысык-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу мүмкүн эмес. Бул көйгөйдү коомчулук, өзгөчө экология жаатындагы бейөкмөт уюмдар жана жергиликтүү тургундар көтөрүп чыгышы керек. Мамлекеттик органдардын милдети ошол маселелерди өз убагында жөнгө салып, келечекте бул сыяктуу көрүнүштөрдүн болтурбоого аракет кылуу керек", - деп белгиледи Гребнев.

Ал Ысык-Көл облусундагы экологиялык абалдын өнүгүшүнө өзүнүн болжолун айтты.

"Бүгүнкү күндө жаратылышты коргоо ишине караганда финансылык пайдага умтулуу басымдуулук кылат. Бул абал жыл өткөн сайын начарлап бара жатканынан кабар берет. Деген менен Ысык-Көл бассейнин калыбына келтирүү боюнча комплекстүү программа иштеп чыгып, абалды оңдоого дагы деле мүмкүнчүлүк бар. Эгерде мындай программа жакынкы 5-7 жыл аралыгында толук кандуу иштей турган болсо, анда 10 жылдын ичинде оңолгонун көрөбүз", - деп белгиледи эколог.

Гребнев кошумчалагандай, эгерде азыртадан баштап Ысык-Көлдүн экологиялык көйгөйүнө жетиштүү көңүл бурулбаса, анда аны жоготуп алуу коркунучу күч.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД