Кичин: Биздин улуттук курамга каршы кутум уюштурушту деп ойлоп жатабыз

Улуттук курамдын капитаны Валерий Кичин Монголияга каршы оюнда ага жана дагы бир нече оюнчуга ойноого уруксат беришпегени тууралуу пикирин айтты.

Анда ал Япон өкмөтүнүн бул кадамы Кыргызстандын улуттук курамына каршы кутум деген да ойлор келип жаткандыгын билдирген.

Белгилей кетсек, бир нече күн мурун дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Монголияга каршы болгон оюнда коронавирус илдетин жуктуруп алган болуусу мүмкүн деп Кыргызстандын бир нече футболчусу жана машыктыруучулар штабы оюндан четтетилген. Алардын арасында Валерий Кичин дагы болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД