Ош облусунда чиновниктер арасында спорттук мелдеш өттү

Ош облусунда президенттин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы өкүлчүлүктөрүнүн жана Ош шаардык мэриясынын аппарат менен кызматкерлеринин арасында спорттук достук мелдеш өттү. Бул тууралуу Ош облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара президенттин "Инсандык руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндөгү" жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.

Ош облусунун башчысы бардык катышуучуларды таза жана калыс оюн көрсөтүүгө чакырып, мелдештин максаты президенттин жарлыгын ишке ашыруу жана достукту чыңдоо экенин билдирди.

Командалар спорттун футзал жана волейбол түрү боюнча күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында футзал боюнча:

1-орун президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты;

2-орун президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты;

3-орун Ош шаардык мэриясынын аппараты.

Ал эми волейбол боюнча мелдештин жыйынтыгы:

1-орун президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты;

2-орун президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты;

3-орун Ош шаарынын мэриясынын аппараты

Достук мелдешинин жеңүүчүлөрүнө диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД