Баткенде бир аял сууга агып көз жумду

Баткен шаарындагы Батырханов чоң каналы аялды агызып, ал көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 9-июнда саат 18:30дар чамасында Баткен шаарында болгон. Анда шаарды аралап өткөн Батырханов чоң каналына бир аял агып кеткен. Окуя болгон жерге ӨКМнын куткаруучулары тартылып, бир саатка созулган издөө иштеринин алкагында анын жансыз денесин табышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД