Бишкекте залкар акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына арналган, республикалык масштабдагы айтыш өтөт.
Ага акындарды иргөө 19-июнга белгиленип, "Манас" кинотеатрында өтсө, тандалган төкмөлөрдүн кармашы 20-июнда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болот.
Байге фонду 1 миллион сомду түзөт.