Садыр Жапаров жана Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн биргеликте ачышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сүрөт көргөзмөсү Түркиянын президентинин администрациясынын колдоосу менен Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги тарабынан уюштурулган.
Аталган көргөзмөгө келген өлкө башчылары Кыргызстандын географиясы, тарыхы, маданияты, жаратылышы, сыймыктуу жерлери жана салттуу турмушу жөнүндө кыскача маалыматтарды камтыган уникалдуу сүрөттөрдү кызыгуу менен көрүштү.