Он бир күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Сезим Сталбекова изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 15 жаштагы Сезим Сталбекова Токмок шаарындагы Трясин көчөсүндөгү үйүнөн 31-майда чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес.
Өзгөчө белгилери: Бою 150-155 сантиметр, арыкчырай, көзү күрөң түстө, узун чачтуу. Чачынын көкүлү сарыга боёлгон.
Кийген кийимдери: Кара түстөгү футболка, саргыч түстөгү жинсы шым, ак-кара түстөгү кроссовка кийип жүргөн.
Укук коргоо органдары аны көрүп-билгендер болсо төмөнкү номерлерге кабарлап коюуну өтүнөт:
Чүй облустук милициясынын нөөмөт бөлүмү: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85.
Токмок шаардык милициянын нөөмөт бөлүмү: (0312) 60-73-63, (03138) 6-31-02, 0501 90 00 65, 0551 102 753 (издөө тобу).