Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу убактылуу жабылды

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы тарабынан бүгүн, 10-июнда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында (Боом капчыгайы) атайлап таш түшүрүү иш-чараларын жүргүзүүдө. Буга байланыштуу коопсуздукту сактоо максатында атайлап таш түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп жаткан учурда унаалардын бардык түрүнө саат 09:00дөн 15:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД