Өткөн суткада коронавирус 494 кишиден табылып, 351 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Илдет табылгандар:
Бишкек шаары – 224;
Ош шаары – 80;
Чүй облусу – 73;
Ош облусу – 47;
Талас облусу – 5;
Нарын облусу – 6;
Ысык-Көл облусу – 22;
Жалал-Абад облусу – 27;
Баткен облусу – 10.
Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 108 173кө жетти. Анын ичинен 101 364 адам дартты жеңген.
Айыккандар:
Бишкек шаары – 207;
Ош шаары – 23;
Чүй облусу – 61;
Ош облусу – 13;
Талас облусу – 2;
Нарын облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 25;
Жалал-Абад облусу – 11;
Баткен облусу – 4.
Соңку суткада коронавирустан беш адам көз жумган. Алардын ичинен төртөө Бишкек шаарынын тургуну болсо, бирөө Чүй облусунун тургуну.
Муну менен илдеттен жалпы 1 869 киши каза тапты.
Учурда ооруканаларда – 1 893, үйдө 2 137 бейтап дарыланып жатат. Стационардагылардын арасынан 536 кишинин абалы оор, 101 бейтаптыкы өтө оор деп бааланууда.