Рамазан Дырылдаев: "Кумтөр боюнча С.Жапаров тактикалык жактан жаңылбаса"

"Садыр Жапаров "Центерранын" кысымына туруштук берсе, анда ал эң мыкты президент болот", - деди бүгүн, 19-майда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Рамазан Дырылдаев.

- Рамазан агай, баланча премьер түзгөн келишимде кыргыздын кызыкчылыгы эске алынбаптыр. Түкүнчө макулдашууга кол коюлганда "Центеррага" артыкчылык берилиптир деп эле ызылдап жатабыз. Неге ошол нерсенин баары учурунда айтып, убагында баа берилген эмес?

- Кумтөр маселеси дайыма президенттердин көз карашына байланыштуу болгон. Ошон үчүн президенттер бийликте турган мезгилинде болушунча жеп, ичишип, мамлекеттик кызыкчылыкты эстен чыгарып, "Центеррага" артыкчылык берген келишимдерге кол коюлган. Кечээги депутаттык комиссиянын корутундусунда президенттер жана премьер-министрлер чыккынчылыкка тете иш кылышкан деп туура баа беришти.

Чынында илимдүү делген Акаев кыргыз эли үчүн душман кылбай турган кадамдарга барган. Азыр ал ар кайсыны айтып актанганы менен кийинки президенттер дал ошол киши баштаган жол менен кетишип, жыйынтыгында Кумтөр мышык ыйлай турган абалга кептелип, болуп көрбөгөндөй экологиялык зыянга учурады. Жыйынтыгында экологиялык катастрофага жол бере турган абалга кептеп коюшту. Жаңы бийлик экологиялык зыянды жоюп, экологиялык катастрофаны алдын алышы керек.

- Садыр Жапаров туура кадам таштадыбы же калпыстыкка жол берип койдубу?

- Президент Садыр Жапаров Кумтөрдөгү алешемдиктерди ачыкка чыгарып, "Центерранын" былыгын, мыйзамсыз иштерин ашкерелеп, туура эле кадам таштады. Бу сапар депутаттар да мактоого арзыган иш кылышты. Эми президент тактикалык жактан жаңылбаса, утуш бизде болот. Себеби, бүгүнкү күндө бүт дүйнө жүзүндө экология чоң маселеге айланды.

Анткени, саясат да, экономика да баары экологияга байланыштуу. Ошон үчүн биз эл аралык сотто экологияга басым кылып, Кумтөр кенин иштетүүдө коррупциянын орун алганын далилдешибиз керек. Айтайын дегеним, коррупция да чоң кылмыштардын катарын толуктайт. Ошондой эле, эл аралык соттон утулбаш үчүн батыштын системаларын жакшы билген адистер менен кызматташышыбыз керек. Анткени, биздин күч органдардын имиджи эл аралык сотторду ынандырууга жетпей калышы мүмкүн.

- Айрым билармандар "Центерра" менен күрөшүү оңойго турбасын, аларга тиш кайраганыбыз үчүн кысымга алынарыбызды кыйытып башташты го?

- Ал жагы бар. Себеби президент чыны менен кыйын кырдаалга кептелди. Кыргызстанды тегеректеген мамлекеттердин баары Путинден баштап тоталитардык, коррупциялашкан мамлекеттер. Садыр Жапаров алардын кысымдарына туруштук берсе, анда дүйнөдөгү эң мыкты президент болот.

Ошондуктан, бөйрөктөн шыйрак чыгарбай баарыбыз президентке жардам берип, коррупциялык схеманын тамырын кыркканга, "Центерра" менен кызматташкан коррупционерлердин бетин ачканга, адилеттүү башкаруу орногонуна кол кабыш кылышыбыз керек. Ич ара бөлүнүп, жарылбай биримдикте болуп, президентке дем-күч берип, тикебизден тик туруп, колдон келген жардамыбызды аябашыбыз керек.

Кудай буюрса, аз-маз кыйынчылыкка туруштук берип, жакшылыктан үмүтүбүздү үзбөй турсак, Кыргызстан дүйнөдөгү мыкты өнүккөн мамлекеттердин катарына кирет. Андай ийгиликке жетиш оңойго турбайт. Ташиевде уйку жок болот. Бирок, эл аралык аренада Кыргызстандын кадыры өсөт. Ташиев баарын мыйзамдуу кылса, чет жакта баш калкалап жүргөн Аскарбек Шадиевге окшогон коррупционерлерди дагы бере башташат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД