Кыргызстан 5 айда мамлекеттик карызды төлөөгө 13,2 млрд. сом сарптады

2021-жылдын январь-май айларында мамлекеттик карызды тейлөөгө 13 миллиард 178,1 миллион сом сарпталды. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинен кабарлашты.

Мунун ичинен 8,3 миллиарды сырткы карызды төлөөгө жумшалды. Былтыркы жылдын ушул эле убагында мамлекеттик береседен четинен кутулуу үчүн 14,2 миллиард сом коротулган.

Үстүбүздөгү жылы мамлекеттик карызды жабууга 37 миллиард 266 миллион сом жумшоо пландалганы айтылды. Бул рекорддук көрсөткүч. Анткен менен карыз боюнча эл аралык уюмдар жана башка мамлекеттердин берген жеңилдиктерине жараша бул сумма кыскарып калышы ыктымал.

Белгилей кетсек, соңку жылдары төлөмдөр өсүп келет. Мисалы, 2013-жылы бул максатка 11,4 миллиард гана сом талап кылынып келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД