
ЖАКнын кызматкерлери Ысык-Көлдүн жээгинде Спартакиада өткөрүштү. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ысык-Көл районунун Бостери айылында КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын жана аскер кызматкерлеринин арасында спартакиада болуп өттү.
Мелдеш жыл сайын 12-августта белгиленүүчү Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлеринин күнүнө утурлай өткөрүлдү.
10 дон ашык команда катышкан масштабдуу турнирде кичи футбол, волейбол, эстафета, аркан тартыш сыяктуу таймаштын түрлөрү камтылды.
Жыйынтыгында командалык сыйлыктар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун ЖАКнын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин командасына;
2-орунду "Омега" атайын багыттагы отрядынын жоокерлерине;
3-орун ЖАКнын Борбордук аппаратынын командасына.ыйгарылды.
Жеңүүчүлөр кубок, медалдар, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.