Дастан Бекешев: Суугат маселесин чечпесек чоң жаңжал чыгат

Бүгүн, 10-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү. Анда депутат Дастан Бекешев сугат суу маселесине токтолуп, айылдарда гана эмес шаарларда да көп жаңжалдарга себеп болуп жатканын белгиледи.

"Суу канчалык жетишсиз болуп жатканын көрүп турасыз. Бишкекте дарактарды суугарганга суу жок. Ал эми айылдарда дыйкандар аңыздарын суугара албай отурат. Бул боюнча өкмөт болсо оңгулуктуу жооп бере албайт. Бирөөсү айтат бул жалпы дүйнөдөгү кургакчылыкка байланыштуу, муздар ээрип суу азаюуда деп бирок мындай эмес. Суугат системасы, аларды тазалоо-оңдоо менен эч ким алектенбейт. Чүй облусунда суугатка байланыштуу жаңжалдар чыгууда. Жакында өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Бирок дагы деле бул маселе качан чечилери тууралуу так, түшүнүктүү жооп жок. Суу жетишпестиги чындап чоң конфликтерге алып келиши мүмкүн. Бул коррупция менен күрөш эмес, камакка алуу менен чечкидей. Мында ичкенге дагы суугатка дагы суу таппай ачууланган кадимки жөнөкөй жарандар чыгышат", - деди Бекешев.

Ал ошондой эле бул маселе боюнча атайын жыйын өткөрүп, суу көйгөйүн чечүүнүн так планын иштеп чыгуу керектигин билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД