Жалал-Абад милициясынын ардагерлери Баткенге акчалай жардам беришти

Жалал-Абад ОИИБинин ардагерлери Баткенде чек ара чырында өрттөлгөн милициянын аймактык пунктуна 86 миң сом жардам көргөзүштү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган пункт чек арадагы Максат айылында жайгашып, Лейлек РИИБинин Кулунду аймактык милиция бөлүмүнө карайт.

Каражат Жалал-Абад облусунун аймагында жашаган ички иштер органдарынын ардагерлери тарабынан Баткенге колдоо көрсөтүү максатында чогултулган. Топтолгон каражатты Жалал-Абад ОИИБинин ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү өздөрү тапшырышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД