Рыскелди Момбеков: "Кумтөр" боюнча акыркы камоолор саясаттын курмандыгы

"Кумтөр" боюнча акыркы камоолорду саясаттын курмандыгы деп эсептейм", - деп бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

"Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү катары акыркы камоолор боюнча калыс пикиримди айтпасам калк кечирбейт, таамай сөзүмдү айтпасам тарых кечирбейт. "Кумтөр" боюнча кылымдын кылмышы боюнча эки гана келишим негиз болгон. Эки гана адамды күнөөлүү деп эсептейм. Бири 2003-жылкы келишим боюнча Аскар Акаев, экинчиси 2009-жылкы келишим боюнча Курманбек Бакиев. Калган камоолорду саясаттын курмандыгы деп эсептейм. Аларды 2013-жылдардагы Садыр Жапаров жетектеген комиссиянын улутташтыруу боюнча чечимине каршы болгонсуңар деп камап жатышат. Мен улутташтыруу жөнүндө демилгени алып чыксам каршы болуп жатышат?" - дейт Момбеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД