
Кыргызстандык балбан Тынар Шаршенбеков Польшада өткөн күрөш боюнча эл аралык Poland Open - 2023 мелдешинде алтын медаль утуп алды.
Тынар Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 63 килограмм салмакта катышты. Ал финалда ирандык Сэм Далири Хоссейн менен күрөшүп, аны 3:1 эсебинде жеңди.