Кыргыз лидеринин урматына кыргыз желеги илинген Анкарадагы эгиз мунара

Кыргызстандын президентти Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапарынын урматына түрк борбору Анкара шаарындагы бийик имарат Кыргызстандын желеги менен кооздолду.

Сүрөттү белгилүү жазуучу Султан Раев "Фейсбук" баракчасына жайгаштырды.

Бул туш тарабына Кыргызстандын желеги түшүрүлгөн эгиз имарат Түркиянын Соода-өнөр жай палаталары жана биржалар биримдигине таандык.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров кечээ, 9-июнда Түркияга расмий иш сапары менен учуп барган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД