Орусияга кетип дайынсыз болуп жаткан 55 кыргыз жараны аныкталды

ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү дайынсыз жоголгон мекендештерди издөө боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү өзүнүн ыйгарымынын чегинде Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте Россиянын аймагында дайынсыз жоголгон мекендештерди жана узак убакыттан бери туугандары менен байланышпаган жарандарды издөө боюнча иштерди жүргүзүүдө.

2022-жылдын 2-чейрегинде Өкүлчүлүккө Россия Федерациясында дайынсыз жоголгон 66 жарандын жакындары издөөгө көмөктөшүү тууралуу кайрылышкан. Жалпысынан отчеттук мезгилде жакындары менен байланышын жоготкон же байланышпаган 94 жаранга карата иштер жүргүзүлдү.

Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте Россиянын аймагында кыргыз жарандарын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 55 жаран аныкталган, анын ичинде 39 жаран бул жылы, 16 жаран мурдагы жылдардан бери издөөдө болгон.

Учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү аймактык бөлүмдөр менен биргеликте дайынсыз жоголгон дагы 39 жарандын жүргөн жерин аныктоого багытталган чараларды көрүүдө. Анын ичинен 8 жаран мурдагы жылдардан бери изделип жатса, быйыл 8 жаран изделүүдө, жана 23 жаран мурдагы жылдардан кошо изделип келген.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү жогоруда аталган дайынсыз жоголгон адамдар боюнча +7 (499) 653-87-00, +7 (926) 890-87-00, +996 (312) 97-55-25, ишеним телефондору же predstavitelstvomvd@mail.ru, predstavitelstvorf@mvd.kg электрондук почта аркылуу маалымат берүүнү суранат.

Андан тышкары дайынсыз жоголгон адамдар тууралуу толук мааалыматты ИИМдин расмий сайтынан биле аласыздар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД