Эрдоган Садыр Жапаровго Орхан Инанды тууралуу билбей турганын айтты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жолуккан учурда "Сапат" билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инандынын жоголушуна токтолушту.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев АКИpress агенттигине билдиргендей, президент Жапаров Эрдогандан Кыргызстанда жоголгон Орхан Инанды жөнүндө сурады.

"Режеп Тайып Эрдоган аны тааныбайм, эч кандай маалыматым жок жана ФЕТОнун тарапкерлери жөнүндө эч нерсе уккум келбейт деп жооп берди",- деди Султанбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД