Кыргызстанга кирүүнүн жаңы эрежелери

Туризм департаменти чет элдик жарандар, туристтер үчүн Кыргызстанга кирүүнүн алгоритми иштелип чыкканын билдирди. Алар төмөнкүлөр:

Кыргызстандын аймагына кире турчу адамдын жанында коронавируска тапшырган ПЦР-тестинин терс жыйынтыгы болушу керек. Анын мөөнөтү анализ берген күндөн баштап 72 сааттан ашпашы зарыл.

Болбосо коронавируска каршы вакцина жасаткандыгы тууралуу документ (ал кагаз же электрондук түрдө болот) керектелет

Беш жаштан өткөн балдардын ата-энеси алардын коронавируска каршы вакцина алгандыгы боюнча документин алып алышы керектиги кошумчаланат.

Эмделген жарандар, анын ичинде туристтер Кыргызстанга 19-июндан баштап аба каттамдары аркылуу, ал эми поезд, автоунаа менен 11-июндан тарта келе баштаса болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД