Бишкек шаарындагы Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоп-түзөөгө жабылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 10-июнда саат 14:00дөн кийин Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Кулатовго чейинки бөлүгү оңдоо үчүн жабык болот.
Оңдолуучу бөлүктүн узундугу 300 метр. Оңдоп-түзөөдөн кийин унаа жолунун туурасы 9 метрди түзүп, сугат арыктары жана тротуарлар төшөлөт.
Унаа кыймылы үчүн 7-апрель жана Абдрахманов көчөлөрү альтернативдүү көчөлөр болот.
Жол "Бишкек шаарынын көчө- жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун (2-фаза) алкагында, КЭРдин грантынын эсебинен оңдолуп жатат.
Көчөнүн бардык тилкелериндеги оңдоо иштерин ушул жылдын сентябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.