Бишкек - Балыкчы каттамы жанданат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, каттам 18-июндан тарта жанданып, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү жүрөт.
Поезд "Бишкек-1" станциясынан саат 7:00дө чыгып, "Рыбачье" станциясына 11:59да жетет. Кайра артка ошол эле поезд 17:15те кетет. Бул каттам менен жолго чыккан жүргүнчүлөр Бишкек шаарына саат 22:03тө жетет.
Ал эми билет баасы чоңдор үчүн 69 сомду түзсө,балдар үчүн 34 сом болот.