Жапаров Анкарадагы Экономика университетинин "Ардактуу профессору" болду

Президент Садыр Жапаровго Анкара шаарында Экономика жана технология университетинин "Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды. Бул тууралуу маалымат мамлекет башчынын расмий сайтына жайгаштырылды.

Садыр Жапаров бүгүн, 10-июнда, Анкара шаарындагы Түркиянын Соода палаталары жана товардык биржалар бирлигине (СПТББ) барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Садыр Жапаровго СПТББнын Экономика жана технология университетинин "Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды.

Түркиянын Соода палаталары жана товардык биржалар бирлигинин президенти жана камкорчулар кеңешинин төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу Садыр Жапаровго "Ардактуу профессор" наамынын диплому менен мантиясын тапшырып жатып Түркия менен Кыргызстандын ортосунда ар дайым эки тараптуу достук мамилелер болорун белгиледи.

Мантия салтанаттуу тапшырылгандан кийин Садыр Жапаров университеттин сый-урматы үчүн ыраазычылыгын айтып, бул наам ага чоң сыймык экенин билдирди.

Салтанаттуу иш-чарадан кийин Садыр Жапаровдун атынан СПТББнын Экономика жана технология университетинин аймагында мурда Режеп Тайып Эрдоган отургузган бактын жанына бак отургузулду.

Иш-чара түз эфирде чагылдырылып турду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД