
Спорттук мелдеште Атайын багыттагы полктун командасы биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полктун басма сѳз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 28-29-июль күндѳрү Ысык-Кѳл облусунун Чолпон-Ата шаарында ИИМдин буйругунун негизинде милициянын прапорщиги Б.Абдыраевдин жаркын элесине арналган спорттун үч түрдүүлүк боюнча Биринчилик болуп ѳттү.
Биринчилик үчүн Ички иштер министрлигинин ар кандай бѳлүктѳрүнѳн турган 13 команда күч сынашып, атаандаштарынан оозуп эң мыкты жыйынтык кѳрсѳтүшүп, жалпы командалык эсеп боюнча биринчи орунга ИИМдин Атайын багыттагы полкунун командасы ээ болду. Бүгүн чемпионатка катышкан кызматкерлерибизди полктун жетекчилиги куттуктап кызматтагы жетишкендиктерди каалады.