Шавкат Мирзиёев Душанбе шаарына барып, Эмомали Рахмон менен жолукту

Өзбек президенти эки күндүк иш сапарынын алкагында Тажикстандын түндүгүнө чейин барып, Согди облусунун соода-экономикалык потенциалын талкуулай турганы айтылды.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Душанбе шаарына барып, аны аэропорттон Эмомали Рахмон өзү тосуп алды. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги кабарлады.

"Өзбек лидери бүгүн, 10-июнда, Тажикстанга өлкө президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен барды. Президенттер өзбек-тажик кызматташтыгына байланыштуу 30дан ашык документке кол коеру күтүлүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Сурхандарья облусуна болгон иш сапарында комбайн айдап, дыйкандардын буудайын орууга кол кабыш кылды.

Мирзиёев талаага барып комбайн айдап, буудай чапты. Видео

Ошондой эле өзбек президенти эки күндүк иш сапарынын алкагында өлкөнүн түндүгүнө чейин барып, Согди облусунун соода-экономикалык потенциалын талкуулай турганы айтылды.

Буга чейин Тажикстан менен Өзбекстан жүргүнчү жана товарлардын жүрүү маршруттарын жөнөкөйлөтүп, Тажикстан аркылуу Кытайга автомобиль каттамдарын активдештирүүнү пландап жатканы айтылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД