Бул туурасында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди. Мекеменин маалыматына таянсак, Бишкекте 10 күндүн аралыгындагы текшерүү учурунда мыйзам талаптарына каршы келген объектилер аныкталып, мыйзамсыз курулган объектилерге 1,8 миллион сом айып салынды.
Мекеме Укук бузуулар кодексинин 144-беренесине ылайык, долбоорлоо жана курулуш эрежелерин бузгандарга 200 миң сом айып салынарын эскертти.
Бишкек шаардык архитектура-курулушту көзөмөлдөө башкармалыгы куруучулардан архитектуралык жана шаар куруу жаатындагы мыйзамдарды так сактоону өтүнөт. Текшерүү иштери дагы да улантылары белгиленди.
Автор: Медина Бектурова