Кыргыз футболчуларынын Япониядагы абалына байланыштуу маалымат жыйын болот

Кыргыз футболчулары Японияда кабылган кырдаалга байланыштуу маалымат жыйын өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 11-июнда Кыргызстандын футбол боюнча курамасы квалификациялык раунддун алкагында Мьянмага каршы экинчи оюнунун өткөрөт. Бирок, Япония өкмөтүнүн антиковиддик протоколдорунан улам толук кандуу даярдык көрө албай жатат. Ошондой эле Монголия менен болгон беттештен четтетилген оюнчулар бул оюнга дагы катыша албай калуусу мүмкүн болууда.

Буга байланыштуу Кыргыз футболдук союзу маалымат жыйын өткөрөт. Анда түзүлгөн кырдаал, аны чечүүгө кандай чаралар көрүлүп жаткандыгы тууралуу жана башка суроолорго кенен жооп беришмекчи.

Маалымат жыйынга Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов жана Юридикалык бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуев катышат.

Белгилей кетсек, бир нече күн мурун дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Монголияга каршы болгон оюнда коронавирус илдетин жуктуруп алган болуусу мүмкүн деп Кыргызстандын курамасынын жалпы машыктыруучулар штабы, оюнчулардан Бекжан Сагынбаев жана 3 дарбазачы - Эржан Токатаев, Кадырбеков Кутман, Кашуба Валерий четтетилген.

Ал оюнда Кыргызстандын дарбазасын коргоочу Айзар Акматов тосуп, натыйжада Монголияга 0:1 эсеби менен утулуп калган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД