Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы орточо 200% га көбөйдү

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көбөйдү. Президент Садыр Жапаров тийиштүү жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдирди.

Мисалы, министрликтин бөлүм башчысынын айлыгы дээрлик 197 пайызга көбөйүп, социалдык төлөмдөрдү жана салыктарды эске алганда буга чейин 34 миң сом болсо, эми 1-августтан тартып 67 миң сом болот. Ал эми министрликтин жетектөөчү адисинин 21 миң сомдук айлыгы 232 пайызга көбөйүп, 49 миң сомду түзөт.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын бөлүм башчысы буга чейин 22 миң сом айлык алып келген болсо, эми 41 миң сом алат. Айлыгынын көбөйүүсү 186% болот.

Айыл өкмөтүндө бөлүм башчы болуп иштегендердин айлыгы 209 пайызга көбөйүп, дээрлик 34 миң сомго жетет, буга чейинки айлыгы 16 миң сомдун тегерегинде болчу.

Ошентип, министрликте, жергиликтүү мамлекеттик администрацияда, мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүндө, райондук маанидеги шаардын мэриясында бөлүм башчы же жетектөөчү адис болуп иштегендердин айлыгы орточо эсеп менен алганда 186-251 пайызга көбөйдү.

Соңку эки жылдан бери Кыргызстанда социалдык жөлөкпул, социалдык тармакта иштегендердин айлык маянасы көбөйтүлүп, аскер, сот жана укук тартибин коргоо кызматкерлеринин эмгек акысынын жаңы деңгээли аныкталды.

Автор: Медина Бектурова


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД