Мурдагы муфтий Максат ажы Токтомушев муфтиятка акчаны кайтарып берди

Экс-муфтий Максат ажы Токтомушев ажылыктын коротулуп кеткен акчасын муфтиятка кайтарып берди. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда муфтияттын эсебинен чыгарылган каражат толук көлөмдө кайтарылган.

Эскерте кетсек, былтыр 10-февралда УКМК муфтияттын жетекчилиги зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын айтып, ошол кездеги муфтий Максат ажы Токтомушев менен мекеменин эсепчисин кармаган. Аларды зыяратчылар тарабынан түшкөн 100 миллион сомдон ашык сумманы насыяга берип, ай сайын пайыздык төлөм алуу менен өз максаттарына жумшаган деп айыптаган. 2020-жылы пандемиядан улам ажылык сапар уюштурулбай калганына байланыштуу чогулган каражат муфтияттын эсебинде туруп калган эле.

Автор: Медина Бектурова


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД