Өзбекстандагы чемпионатта ИИМдин "Шумкар" АБП кызматкерлеринин ийгилиги

Үстүбүздөгү жылдын 3-10-июнуна чейин Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында спорттун самбо күрөшү боюнча Азия чемпионаты жана спорттун кармаш-уруш түрү боюнча Дүйнөлүк чемпионаты болуп өттү. Аталган чемпионаттарда ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун кызматкерлери катышып байгелүү орундарды ээледи. Самбо күрөшү боюнча 88 кг салмакта 2-орунду милициянын старшинасы Бекбердиев Нурисбек Мадалбекович ээлеп, күмүш медалдын, ал эми 98 кг салмакта 3-орунду ээлеген милициянын улук сержанты Керимбеков Бекболсун Максатбекович коло медалдын ээси болушту. Спорттун кармаш-уруш түрү боюнча Дүйнөлүк чемпионатында полктун Бишкек шаары боюнча атайын операциялар отрядынын командиринин орун басары милициянын майору Жолбунов Алмаз Шаршенбаевич 90 кг салмакта 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды. Байгелүү орундарды камсыз кылган кызматкерлерге полктун командири милициянын полковниги Аскат Ишенбаевич акчалай сыйлык тапшырып, кызматкерлерге спорттук жетишкендиктерди жана күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткаруудагы тайманбастыкты каалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД