Сузакта экинчи аял алып той берген адамга иш козголду - видео

Сузакта экинчи аял алып той берген адамга иш козголду. Бул тууралуу VB.KG`ге Жалал-Абад облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Июнь айынын башында интернет айдыңына Сузак районунун тургуну экинчи аял алып, той жасагандыгы тууралуу видео тараган.

Ал видеодон биринчи аялы күйөөсүнө жана анын экинчи аялына бакыт каалап жатканын, коноктордун биринчи аялын "айкөлдүгү" үчүн мактаганын көрүүгө болот. Ошондой эле эки аялы менен чогу бийлеп жаткан күйөөнүн тасмасы да тараган.

Бул окуя боюнча облустук милицияга кайрылганыбызда аталган окуя Жазык кодексинин 179-беренеси (Эки жана андан көп аял алуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын, учурда тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгын кабарлады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД