Чүйдө сууга аккан окуучу кызды курсанттар куткарып калышты

Чүйдө сууга аккан окуучу кызды ИИМдин Академиясынын курсанттары куткарып калышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 10-июнда Чүйдүн Аламүдүн -1 кичи районунда болгон. Анда сууга аккан өспүрүм кызды ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанттары Б. Молдосанов, М. Тынчтык уулу, Б. Акматов жана окуу жайдын кызматкери, милициянын прапоршиги М. Осеков куткарып калышкан. Кызга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, "Тез жардам" кызматын чакырып, тапшырышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД