Бишкекте Тез жардамды өткөрбөй койгон айдоочуларга чоң айып салынды

Бишкекте беш айдоочу Тез жардам кызматынын унаасына жол бошотуп бербей койгону үчүн ар бири 10 миң сомдон айыпка жыгылды. Бул тууралуу шаардык милициянын Кайгуул кызматынан билдиришти.

Инспекторлор "Маяк" рейдин саат 10:00дөн 12:00гө чейин жүргүзгөн. Айып пулдун жалпы суммасы 50 миң сомду түздү.

Милиция пандемия учурунда Тез жардам кызматынын унааларына жол бошотуп берүү маанилүү экенин эскертти.

Айып пул Эреже бузуу кодексинин 4-беренесинин 123-1-бөлүмүнө ылайык салынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД