Депутат жолдогу көчмө камераларды алып салууну сунуш кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов 10-июнда парламент жыйынында "коопсуз шаар" долбоорунун көчмө камераларын жолдордон алып салууну сунуш кылды. Ал мындай камералар турган жерде жол белгилери коюлбаганы үчүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ишин сынга алды.

"Көчмө камералар турганын тастыктаган атайын жол белгилери болушу керек деп биз буга чейин ИИМден бир нече жолу талап кылдык. Милиция аны мамлекеттик стандартка туура келбейт деп жатат. Биз Баш мыйзамды деле өзгөртүп, жаңы Конституция менен жашап жатпайбызбы. Ошондуктан көчмө аппараттар турган жерге жол белгисин койгонго да стандартты шайкеш келтириш керек. Эл үчүн кызмат кылыш керекпи же "Вега" компаниясынын кызыкчылыгын коргой бериш керекпи? Көчмө камераны коюп же алып салгандан жол кырсыгы азайып кеттиби? Эл аны көрбөй эле өтүп кетип жатпайбы", - деди Нурдинов.

Ички иштер министринин орун басары Нурдин Абдиев көчмө камералар турган жерге жол белгинин болушу эл аралык стандарга жооп бербейт деп билдирди.

"Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабын ишке ашырган орусиялык "Вега" компаниясы 35 миллион долларга Бишкек менен Чүйдөгү жолдорго 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон. Анын 90у стационардык, 20сы көчмө аппараттар. Кийинчерээк бул камералардын саны көбөйгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД