Келинчегиме 28миң сомдук шакек алып,апама сүт тарткан машинеден акча аядым

Москва шаарында чоң ресторанда иштейм. Идиш жууганга кыргыз эже келди, таанышып сүйлөшүп кеттик. Ал эжеге үйлөнгөнүмө 3жыл болгонун, жакында апамды кызым менен алдырып алганымды айтып бердим. Келинчегим экөөбүз тең иштейбиз, 8-мартка толтура товар сатып келишти. Италиянын жакшы жоолугу келди, чогуу иштеген кыздан сурасам коозун аялыңа бер, апаңа жашыл боло берет деди. Карап турган Асыл эже, жашылды аялыңа бер апаңдай болгуча салынат деди. Кечинде толтура нерсе алып белегимди алып үйгө бардым. Апам кызымы уктатып жатыптыр, берсем чекесин сүртүп рахмат айтып батасын берди. Келинчегиме берсем ары таштап койду, жакпай калды окшойт. Жакшысын апаңа бересиң дегендей коркутуп башкача эле болуп жүрдү. Апам да байкаптыр үйгө кетейин дей берди, мен болбой койдум. Келинчегим тултуңдап жүрсө эмне кыларымды билбей, акча алган күнү алпарып кийинтип, кафеге кирип тамактанып келдик. Көңүлү көтөрүлүп калды, ананчы кийимине би эле ар топ эле акча кетти. Үйгө келип апама мактанып жатты. Апамда кетем деп туруп алды, үйүн сагынган окшойт. Кетерде сүт тарткан машине алып берсең жакшы болот эле деди, мен макул дегем. Акча кармаган келинчегим кийин эле акча салып ийебиз, жолго жетпей жатса дегенинен, макул болуп калдым. Апамда унчукпай эле кетип калды. Апам баягы жоолукту келинине берип кетиптир. Жумуштагы идиш жууган Асыл эжеге баарын айта берчүмүн. Өзү мугалим жолдошу каза болуп калыптыр, балдарын бутка тургузайын деп жүрөт. Бүгүн дем алыш болгонго, киши аз, жумушту бүтүрүп койуп баарыбыз сүйлөшүп отурдук. Келинчегим менен кантип таанышканымды мактанып айтып берип жаттым. "Ал кийинки метродон чыкчу. Чачы узуун сулуу кызды жактырып калып, эки жума чуркап жүрүп тааныштым. Үйдүн улуу кызы экен, ал да ашпозчу болуп иштейт, үйүнө жакшы жардам берет. Телефонун алып сүйлөшүп жүрдүм, кинодогудай болуп колун сурайын дедим. Досторум үйрөтүп жатты. Болгон акчамды алып шакек алган жерге бардык, тандап жатып 28миңдик шакекти кутучага салдырып алдым. Эми гүлгө бардык, жүз бир гүлдү, сегиз миң алты жүз рублга алдык. Келинчегимди болжошкон жерге чакыргам, досторум ал жерге шамды жүрөкчө кылып тизип, күйгүзүп турмак. Дал ошондой кылдым, тизелеп отуруп шакегимди, гүлдү берип колун сурадым. Өтүп бараткандар да токтоп кол чаап бизди куттуктап жатышты"-деп сөзүмдү аяктадым. Кыздар айииий деп мактап жатышты. Асыл эже унчуккан жок. Түшкү тамакты ичип жатканда сөз баштады. Мирбек сен апаны жакшы көрөсүңбү? - деди, мен таң калып, ооба дедим. Сен аялыңды жакшы көрүп, баарын алперип карайт экенсиң азаматсың бирок апаңды экинчи орунга койбо да-деди. Мен түшүнбөй карап калдым. Сен аялыңа 28миңдик шакек, 8миңдик гул алып бердим дейсиң. Өткөндө экөөңөр эс алып келдиңер, кийиндиңер, жегениңерден деле алып келбептирсиңер го. Ал сенин кызыңды карап үйдө отурат, өткөндө сүт тарткан машине десе алпербей жөнөттүң. Аны өзүнө деле сураган жок силерге каймак, май жасайын деди десе аябай уялдым. Чын эле апама эчтеке апкелип берген эмеспиз, жегенибизден салдырып алганды да билбептирмин. Асыл эже педагог болгонго мен ар кайсыны айтып бере берип, менин ким экенимди билип алыптыр. Дароо айылдагы классташыма акча салдым да, апама алып барып берип сүйлөштүрүп кой дедим. Байкуш апамдын сүйүнгөнүн сураба кайра кайра рахмат айтат. Менин көзүмдү ачып, эненин ыйыктыгын эстетип койгон Асыл эжеге рахмат айтам. Апамдын берип жиберген курут, майын сагынып жейбиз. Азыркыга чейин сен алып берген сүт тарткычка тартып жатам деп сүйүнүп калат. Апама алып берем деп, тизме түзүп койдум, апам аман турса сөзсүз, буюрса дейин алып берем. Апалар ар дайым аман болсун!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД