Навальныйдын фонду жана штабдары экстремисттик деп таанылды

Москва шаардык соту шаршембинин кечинде Алексей Навальный негиздеген Коррупция менен күрөшүү фондун, оппозиционердин штабдарын жана "Жарандардын укуктарын коргоо фондун" прокуратура берген арыздын негизинде экстремисттик уюмдар деп таанып, алардын ишмердигине тыюу салды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, эми алар дароо ишин токтотууга тийиш, ошол эле маалда соттун чечимин талаша алышат. 12 саттан ашык убакытка созулган процесстен Навальный фондунун адвокаттары "сот калыс жана адилет эмес" деп чыгып кетишкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД