Ата-энелер комитети: Низовскийге окшогон кадрлар бизге керек

Бул тууралуу №61 физика-математикалык мектеп-лицейинин ата-энелер комитетинин мүчөлөрүнүн VB.KG нин кеңсесинде өткөн маалымат жыйынында билдиришти.

Алардын айтымында, эгер мектеп директорун ордунан алса, аны менен бирге тажрыйбалуу мугалимдер да кетип калышы ыктымал ошондуктан мектеп директорун ордуна калтыруу керек эсептешет.

"Эгер Ю.Низовскийди мүдүрлүктөн кетирсеңер ал кишини жеке менчик мектептер тартып кетиши мүмкүн анын артынан дасыккан, тажрыйбалуу мугалимдер кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт",- дейт ата-энелердин бири Исманов Талант

Мындан сырткары, мектеп окуучуларынын ата-энелери директорду ордунда калтыруу боюнча КР Президенти Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасашты.

Автор: Медина Бектурова


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД