Футбол: Бүгүн Кыргызстан менен Мьянма беттешет

Бүгүн, 11-июнда Кыргызстандын футбол боюнча курамасы квалификациялык раунддун алкагында Мьянмага каршы экинчи оюнунун өткөрөт. Бирок, Япония өкмөтүнүн антиковиддик протоколдорунан улам толук кандуу курам менен чыкпайт.

Белгилей кетсек, бир нече күн мурун дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Монголияга каршы болгон оюнда коронавирус илдетин жуктуруп алган болуусу мүмкүн деп Кыргызстандын курамасынын жалпы машыктыруучулар штабы, оюнчулардан Бекжан Сагынбаев жана 3 дарбазачы - Эржан Токатаев, Кадырбеков Кутман, Кашуба Валерий четтетилген. Ал оюнда Кыргызстандын дарбазасын коргоочу Айзар Акматов тосуп, натыйжада Монголияга 0:1 эсеби менен утулуп калган.

Бул оюнга дагы аталган оюнчулар катыша алышпайт.

Кыргыз футбол союзу кабарлагандай бүгүн дагы дарбазаны талаа оюнчуларынын бири тосот.

Ошондой эле негизги курамдын оюнчулары Кайрат Жыргалбек уулу жана Темирлан Козубаев сары айып кагаздарына байланыштуу бул оюнга катыша алышпайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД