Эммануэль Макронду жаакка чапкан француз 4 ай түрмөдө отурат

Франция президенти Эммануэль Макронду жаака чапкан француз жараны Дамиан Тарел 18 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган адам темир тор артында 4 ай гана отурат, калган 14 айлык жаза мөөнөтүн шарттуу түрдө өтөйт.

Белгилей кетсек, Француз президенти Эммануэл Макрон 8-июнда өлкө түштүгүндө эл менен жолугушууда кол салууга кабылган. Социалдык тармактарга жарыяланган видеодо Макрон эл менен саламдашып жатканда, арасынан бир адам президентти бетке чаап, "Макрония жоголсун!" деп кыйкырганын көрүүгө болот. Ал сотто жасаган ишине өкүнбөй турганын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД