Чүйдө КамАЗ менен Honda Avancier кагышып жаш жигит көз жумду

Чүйдө жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагышып, бир адам көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Чүйдүн Сокулук айылынын Фрунзе көчөсүндө болгон. Анда оор жүк ташуучу КамАЗ менен Honda Avancier үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Honda Avancier унаасынын 21 жаштагы айдоочусу каза болгон.

Окуя болгон жерге арган ӨКМнын куткаруучулары маркумду унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД