Ысык-Көлдө сууга чөккөн кызын куткарам деп атасы кошо чөгүп кетти

Ысык-Көлдө сууга чөккөн кызын куткарам деп атасы кошо чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Балбай айылында болгон. Анда 10 жашар кыз көлгө чөгүп жатканда 42 жаштагы атасы кызын куткаруу үчүн сууга түшүп, кошо чөгүп кеткен.

Ал жерге куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар, кыздын жана атасынын жансыз денелерин суудан алып чыгарышып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД