Ислам шериктештиги оюндары: Тыныбекова биринчиликти камсыздады

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча жеңүүчү болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күч сынашкан Айсулуу Тыныбекова казакстандык Ирина Кузнецованы жана сенегалдык Гоудиаби Сафиетоуну жеңип, финалдык таймашка жолдомо алды. Ал эми финалдык беттеште Тыныбекова гвинеялык спортчу менен кез келип, 11:0 эсебинде жеңишти камсыздады.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова 2017-жылы Ислам оюндарында алтын байгеге ээ болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД