Бүгүндөн тарта жума намаз окулуп баштайт

Бүгүн, 11-июндан тарта Кыргызстанда жума намаз окула баштайт.

Белгилей кетсек, буга чейин Муфтият республикалык штаб өлкөдө жума намаз окууга уруксат бергенин билдирген.

Муфтият жума намазга келген жарандарды эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу санитардык эрежелерди так сактоо керектигин эскертет.

Талаптар:

- Беш убак намаз жана жума намаз үчүн мечитке келгендер беткап тагынып жүрүүсү керек;

- Мечитте дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, ар бир адамдын дене табы өлчөнүп туруусу зарыл;

- Адамдар ортосунда 1,5 метр аралык сакталып, мечиттеги орундардын 50%ын гана ээлеши зарыл;

- Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;

- Дааратты үйдөн алуу сунушталат;

- Жаш балдарга, ооругандарга, айрыкча дене табы көтөрүлүп жаткандарга мечитке келбей туруу талап кылынат;

- Мечитке келгендер көпкө кармалбай, 15-20 мүнөттүн аралыгында чыгып кетүүсү сунушталат;

- Мечитке келгендерге өзүнүн жайнамазын ала келүү сунушталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД