"Pop It" оюнчугу тууралуу психологдор эмне дешет?

Бүгүнкү күндө дүйнөнү вирустун жаңы түрү ушунчалык тездик менен каптады. Биринчи Европа өлкөлөрүндө, андан кийин Орусияда, анан эле Орто Азияга, анын ичинде Кыргызстанга чейин жетип келди. Бул вирустун медицина менен байланышы жок, себеби биз азыр дүйнөдөгү бардык жанды "ооруткан" "Антистресс Pop It" оюнчугунун түрү тууралуу кеп кылабыз. Айрым чет өлкөлүк психологдор бул оюнчуктун өтө пайдалуу экенин айтышса, кээ бирлери анын толгон-токой зыяны бар экенин, балдардын тарбиясына терс таасирин тийгизерин белгилешет. Ал эми айрым кыргызстандык ата-энелер бул оюнчукту башка бир түшүнүктөрдү порпаганда кылат деген тынчсыздануусун билдире баштады. Бул белгилүү "Pop it" деп аталган оюнчук тууралуу психологдордун пикирин уктук.

Балдардын эң жакшы көргөн оюнчугу болуп калган "Pop it" антистресс оюнчугу 2021-жылдын жаңылыгы болду. Ал болуп көрбөгөндөй ылдамдык менен дүйнө жүзүнө жайылууда.

"Pop it" оюнчугунун өзгөчөлүгү

Бул антистресс – жөнөкөй дизайны жана иш-аракеттердин татаал эмес комплекси менен мүнөздөлгөн, стресске каршы оюнчуктардын бири. Антистресс дегенде оюнчукту ойногон адам алаксып, нерв системасы тынчтанат. Өзүнүн жөнөкөйлүгү, жана ыңгайлуулугу менен өзгөчөлөнүп турат. Бул оюнчукту балдар гана ойнойт дегенге туура эмес, себеби чоңдор да кызыгып ойногонун көрүүгө болот. Өзү түстүү жана ар кандай түрлөрү болот. Анын көп майда баскычтарын басканда, ошол "көбүк" (пузырка) жарылып, "поп" деген жагымдуу үн чыгат.

Украинанын айрым психологдору "Pop it" ойногондо, баланын көңүл буруу жөндөмү, майда моторикасы жана математикалык билими өнүгөрүн айтышат.

"Pop It" оюнчугунун өзгөчөлүктөрүнүн катарына төмөнкүлөр кирет:

- Формалардын жана өлчөмдөрдүн түрдүүлүгү;

- Бала оюнчукту айрып, чайнай албайт;

- Баасы арзан;

- Балдардын өнүгүүсүнө багытталган компоненттери бар.

Орусиялык балдар психологу Наталья Наумова ушул оюнчуктар аркылуу жасалган "терапия" мектеп жашына чейинки балдар үчүн эң пайдалуу экенин белгилейт. Атап айтканда, мындай оюндар балдардын сенсордук өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

"Бала бир нерсени бырыштырганда же басканда, алаксып, бир аз эс алат, андыктан мунун пайдасы бар. Балдарга чындыгында эле жагат, алар бир аз тынчып калышат, анткени кошумча тактикалык тажрыйба алышат. Бул мектепке чейинки курактагы балдарга сенсордук өнүгүү, андан кийин ырахат алуу үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет".

Ал эми Хакасиянын психологу Ирина Коржаева "Pop it"ти" балдар үчүн кооптуу оюнчуктардын катарына кошот. Себеби стресске каршы оюнчуктарды тез-тез колдонуу бардык сезимди, ал тургай жакшы сезимди да бир гана ушул оюнчуктар аркылуу өткөрүп калуу коркунучу бар. Коржаеванын айтымында, бул оюнчук чындап эле тынчтандырууга жөндөмдүү, бирок ошол эле учурда ата-энелер айрым терс жактарына этияттык менен көңүл бурушу керек.

"Ушул антистресс оюнчугун ашыкча колдонуу - өспүрүмдүн стресстен тышкары эч нерсе жасай албаганына алып келиши мүмкүн. Убакыттын өтүшү менен ал терс гана эмес, позитивдүү эмоцияларды да өзгөртө баштайт. Демек бардык эмоцияларын бир гана оюнчукка өткөрүп калат. Бардык эмоциялар ушул оюнчукка кирип кетет. Биз эмне сезип жатканыбызды жана кандай эмоцияларды баштан өткөрүп жатканыбызды билишибиз керек. Адам антистресс оюнчукка көнүп калса, робот сыятуу эле жашап калат".

Социалдык тармактарда чет өлкөлүк ата-энелер бул оюнчуктун терс кесепеттери балдарына таасир тийгизип жатканын жазышууда. Алар "Pop it" менен көпкө ойногон балдар "деградацияга" учурап, "тилдүү дудук" боло башташканына тынчсызданышат.

Кыргызстандык психолог: "Pop it" оюнчугу терс таасир тийгизет

Балдар психологу Чынара Кыргызбаева да "бул оюнчук балдарга терс таасир тийгизет, ЛГБТны пропаганда кылат" деген пикирлер бар экенин айтат.

"Бала кичинекей чагынан баштап кандай оюнчук ойногону, кандай атмосферада чоңойгону, жадагалса кандай мультфильмдерди көргөнү да таасир берет. Муну дүйнөлүк психологдор да тастыктайт".

Ошол эле учурда Кыргызбаева эгерде бала "Pop it" оюнчугун берилип кетпей, катардагы оюнчуктарындай көрүп ойносо, анда коркунуч жок экенин белгилеп, балдардын ар түрдүү оюнчуктарынын болуп турушу майда моторикасын өнүктүрүүгө жол бериши мүмкүн экенин айтат.

Белгилей кетсек, 20-майга алынган маалыматтарга ылайык, акыркы эки жумада "Pop-it" оюнчуктарына суроо-талап 13 эсеге өскөн. Мындай популярдуулук TikTok социалдык тармагындагы видеолордун жардамы менен артып баштаган. Мындан улам Орусиядагы керектөөчүлөр кызматы (Роспотребнадзор) атайын адистерге оюнчуктардын баланын психикасына тийгизген таасирин баалоо тапшырмасын берген. Бирок азырынча жыйынтыгы айтыла элек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД