Баткенде түнкү каракчылар үй ээсин тоноп, зордуктап кетишти

Баткенде түнкү каракчылар үй ээсин тоноп, зордуктап кетишкен. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 4-июнда Баткен шаарында болгон. Анда 33 жаштагы шаар тургунун үйүнө беткап тагынган белгисиз адамдар кирип, бычак менен коркутушуп зордуктаган. Кийин жабырлануучунун уюлдук телефонун алып из жашырып кетишкен.

Бул окуя Жазык кодексинин 161-беренеси (зордуктоо), 201-беренеси (тоноочулук), 190-беренеси (турак жайга кол тийбестикти бузуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Анын алкагында шектүү катары Баткен районунун Чоң-Кара айылынын 22 жаштагы А.Б. жана 21 жаштагы А.А. аттуу тургундары кармалган.

Жабырлануучуга тийиштүү экспертиза дайындалып, каракчылар алып кеткен уюлдук телефону кайтарылган.

Учурда тергөө иштери уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД