Шопоков көчөсүндөгү унаа токтотуучу жайларды эми мэрия тейлейт

Бишкек шаарындагы Шопоков көчөсүндөгү унаа токтотуучу жайларды эми мэрия тейлейт. Бул тууралуу шаар бийлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган көчөдөгү унаа токтотуучу жайлар жеке тараптарга ижарага берилип келген. Эми Шопоков көчөсүнүн Жибек - Жолу көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү мэрияга караштуу "Бишкек токтомолору жана унаа туруктары" муниципалдык ишканасынын карамагына өткөн.

Ошондой эле маалыматта ишкана ал жерге керектүү болгон жол белгилерин орноткону, унаа токтотуучу жайдын баасы 25 сом болору айтылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД