Баткенде ИИМ түзүмдөрү ортосунда волейбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды

Баткендеги волейбол чемпионаты жыйынтыкталып, Баткен ОИИБдин командасы биринчиликке жетишти. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен шаарында 2022-жылдын 17-август күнү башталган милициянын ага сержанты Улан Сарыбаевдин жаркын элесине арналган волейбол боюнча чемпионаты жыйынтыкталды.

Чемпионаттык турнирге республика аймагындагы ИИОнун кызматкерлери, тактап айтканда кыздар командасынан 7, эркектер командасынан 12 команда катышып, ийгиликтерди багындырды.

Кыздар командасынан 1-орунду Жалал-Абад ОИИБы, 2-орунду Ош ШИИБи, 3-орунду КР ИИМдин ЖКККББ, ал эми эркектер командасынан 1-орунду Баткен ОИИБы, 2-орунду КР ИИМ Шумкар АБП, 3-орунду Жалалабад ОИИБнын командалары ээлеп кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Мындан сырткары ар бир номинациялар өзүнчө сыйлыктарга жетишип, Баткен ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов жакшы оюн көрсөткөндүгү үчүн "мыкты оюнчу" номинациясына ээ болду.

Кыргыз дене-тарбия "Динамо" коомдук бирикмесинин төрагасынын 1-орун басары милициянын отставкадагы полковниги Торокул Мадалиев Кыргыз Республикасынын ИИМнин спорт тармагына салым кошкондугу үчүн Баткен ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов жана кадрлар бөлүмүнүн кесиптик–даярдык тобунун улук инспектору милициянын майору Эрмек Анарбековторго ыраазычылыгын билдирип, "Динамо" значогун тапшырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД