Мьянмага каршы беттеште Кыргызстандын дарбазасын чабуулчу Батырканов тосот

Мьянмага каршы беттеште Кыргызстандын дарбазасын чабуулчу Эрнис Батырканов тосот. Бул тууралуу Кыргыз футболчуларынын беттеш алдындагы жарыяланган курамында белгилүү болду.

Эскерте кетсек, бир нече күн мурун дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Монголияга каршы болгон оюнда коронавирус илдетин жуктуруп алган болуусу мүмкүн деп Кыргызстандын курамасынын жалпы машыктыруучулар штабы, оюнчулардан Бекжан Сагынбаев жана 3 дарбазачы - Эржан Токатаев, Кадырбеков Кутман, Кашуба Валерий четтетилген. Ал оюнда Кыргызстандын дарбазасын коргоочу Айзар Акматов тосуп, натыйжада Монголияга 0:1 эсеби менен утулуп калган.

Бул оюнга дагы аталган оюнчулар катыша алышпайт. Андыктан дарбазачы катары чабуулчу Эрнис Батырканов чыкты.

Бүгүн, 11-июндагы Кыргыз футбол союзу өткөргөн маалымат жыйында алар кыргызстандан дарбазачы Павел Матяшты жөнөтүп жатканы айтылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД